• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда күйүүчү майга болгон чоң суроо-талап КРдагы кымбаттоого алып келди

Коом 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасынын өсүүсү Россиянын заводдорундагы баанын жогорулашы менен байланыштуу. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Айбек Асанов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал кабарлагандай, КРгы күйүүчү майдын баасынын жогорулашы Россиянын өзүндө мунайга болгон талаптын өсүүсүнө байланыштуу.

“Учурда Россияда ага болгон чоң суроо-талап пайда болгондуктан, заводдордо дүңүнөн сатуу баалары жогорулатылган. Бул тууралуу маалымат Нефтетрейдерлер ассоциациясынын расмий сайтында жайгаштырылган. Ошол жерде күйүүчү май тууралуу бардык маалымат коюлат”, - деди ал.

Азыркы учурда Бишкекте күйүүчү майдын баасы төмөндөгүдөй: АИ – 95 – 47 сом/литр, АИ – 92 – 44,30 сом, АИ – 98 – 50,50 сом турса дизелдик күйүүчү майы – 54 сом турат.

Пикир

Оставить комментарий