• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Россияда көк бөрү боюнча Чыңгыз Айтматовдун Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттик билдиргендей, мелдеш Москва облусунун Сергиев Посад шаарында 12-июнь күнү өткөрүлмөкчү. Мелдеш Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин дене тарбия фестивалынын алкагында өтүүдө.

Мелдеш кыргыз-россиялык алаканы бекемдөө, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жана көк бөрүнү Евразиянын көчмөн элдеринин улуттук спорту катары жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий