• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россияда көпүрө кырсыгынан жаракат алган кыргызстандыктарга кенемте төлөнүп берилет - элчилик

Коом 0

Бишкек, 01.10. 20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Женшенкулов "FM LOGISTIC" компаниясынын кампасында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн кулашынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган кыргызстандык жарандарды көрүп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Мурда айтылгандай, көпүрөнүн кулашынан 51 кыргызстандык жабыркаган. Алардын ичинен 22 жаран медициналык кароодон өткөндөн кийин үйүнө чыгарылган. 29 адам ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 1 жаран өтө оор абалда болсо, 2 жаран оор абалда. Жаракат алгандардын арасында 1 жашы жете элек жаран (2004-жылы туулган) бар. Каза болгондор жок.

Бүгүнкү күндө райондук, шаардык ооруканаларда - Ступинодо 19 жаран, Домодедово - 2 жаран жана Подольскто 1 кыргызстандык жаран дарыланып жатат. Жалпы 22 адам. Алардын үчөөнө операция жасалган.

Кечээ, 30-сентябрь күнү Жекшенкулов кыргызстандык жарандар жаткан ооруканаларга барып, ооруканалардын башкы дарыгерлери жана дарылоочу дарыгерлер менен жолуккан. Жолугушуу учурунда Кыргызстандын жарандарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү маселелери талкууланган. Ошондой эле ал дарыланып жаткан мекендештер менен сүйлөшүп чыккан.

Домодедово ооруканасынын башкы дарыгери А.Осиповдун айтымында, 1996-жылы туулган Ч.К. аттуу мекендешибиз өтө оор жаракат алып, мээсине кан куюлгандыгына байланыштуу операция жасалган. Осипов анын дарылануусуна өзгөчө көңүл буруларын билдирген. Учурда анын абалы туруктуу оор. Ал реанимациядан атайын сооронуч бөлүмүнө которулган. Учурда анын апасын жана эжесин Россияга "FM LOGISTIC" компаниясынын эсебинен алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Балдар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, дарылоочу дарыгер Р. Ромашкина, 2004-жылы туулган М.А. аттуу жашы жете элек мекендешибизди дарылоо үчүн керектүү дары-дармектердин бардыгы алынганын билдирген. Анын айтымында, учурда ал өзүн кыйла жакшы сезип калган.

Подольск шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери В. Геворкян белгилегендей, М.А. аттуу мекендешибиз билектин жана жамбаш сөөктүн сыныктары менен ооруканага жаткырылган. Ага жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык. Бардык медициналык чыгымды "FM LOGISTIC" компаниясы көтөргөн.

"Ступино ооруканасында Травматология бөлүмүнүн башчысы З.Р. Сулумов, Кыргызстандын элчиси менен биргеликте Кыргызстандын бардык 19 жараны менен жолугуп, сүйлөшүп чыкты. Сулумов З.Р. дарыланып жаткан жарандардын бардык суроолоруна жооп берди", - деп билдирет элчилик.

Жаракат алган жарандар менен жолугушуу учурунда Жекшенулов "FM Logistic" компаниясынын жетекчилиги менен кырсык болгон күнү иштеген, анын ичинде жаракат алган ар бир жаранга кенемте төлөп берүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.

Ошондой эле жаракат алган жарандардын дарылануусуна кеткен чыгымды жабуу үчүн аларга медициналык камсыздандыруу берүү маселеси иштелип чыккан.

"Ошол эле учурда компаниядан тиешелүү кепилдик кат алынган. Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар Кыргызстандын элчисине өз укуктарын коргоо жана материалдык жардамдарды алууну камсыз кылуу боюнча ишти улантуу өтүнүчүн билдиришти. Анткени мекендештер айрым жарандардын алдамчылык аракеттеринен улам чочулап жатышат. Алар менен ыкчам байланышты камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо үчүн элчиликтин юристтери жана кызматкерлери менен күнү-түнү байланышууга шарт түзүү үчүн вотсапта атайын топ түзүлгөн. Маселе Кыргызстандын элчисинин жеке көзөмөлүндө турат", - деп билдирет элчилик.

Пикир

Оставить комментарий