• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда коронавирус жуктургандардын саны 28ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Россияда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны 28ге жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча ыкчам штабга шилтеме берип, жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, акыркы сутканын ичинде Россияда коронавирус менен ооруган жаңы сегиз учур катталган. Анын ичинен алтоо Москва шаарында, экөө Москва облусунда. Баардыгы акыркы эки жуманын ичинде Италиядан келгендер.

ТАСС жазып чыккандай, баардык ооругандар атайын инфекциялык бокстордо кармалууда. Андан тышкары, инфекция жуктургандар ким менен жакын мамиледе болсо, ал адамдардын баардыгы текшерүүдөн өтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий