• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина каттоого алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.20 /Кабар/. Новосибирскидеги «Вектор» аттуу вирусология жана биотехнология борбору коронавируска каршы экинчи орусиялык вакцинаны каттоого алды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү катышкан жыйында билдирди.

«ЭпиВакКорона» деген аталышка ээ болгон бул вакцина да биринчи вакцинадай эле клиникалык сыноонун үчүнчү баскычынан өтө электе эле катталды.

Алгач биологиялык курал иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн «Вектор» институту азыр Роспотребнадзор мекемесине карайт. Мекеменин башчысы, Россиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова жаңы вакцинаны колдонуп көргөнүн билдирди.

«ЭпиВакКорона» вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына 40 миңге жакын киши катышат деп күтүлүүдө.

Covid-19 vaccine tracker сайтынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавируска каршы жалпысынан 36 вакцина клиникалык сыноолордон өтүүдө.

Россияда COVID-19га каршы алгачкы вакцина августта каттоодон өтүп, «Спутник V» деген аталышка ээ болгон. Айрым батыш адистери анын клиникалык сыноолордун үчүнчү баскычынан өтө электе эле катталганын сынга алышкан.

Пикир

Оставить комментарий