• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда коронавируска каршы вакцинанын үлгүлөрүн сынай башташты

Дүйнө 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) коронавируска каршы вакцинанын үлгүлөрүн сынай баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Алар кыска убакытта "Вектор" вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик илим борборунда иштелип чыккан.

Учурда окумуштуулар вакцинанын сыноосун жаныбарлардын үстүнөн жүргүзүүдө.

Адистер вакцина ушул жылдын төртүнчү чейрегине карата даяр болот деп күтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий