• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда курулушта иштеген 16 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20 /Кабар/. Новосокольнический районуна курулушка иштөөгө келген Кыргызстандын 90 жаранынын ичинен 16сынан коронавирус аныкталды.

“Невельский вестник” гезити Невельский райондор аралык ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берип билдиргендей, алардын бардыгы Псков шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Алар менен байланышта болгон калган 74 курулушчу Невельский районунда жайгашкан обсервацияга жиберилген. Алар эки жумага обсервацияга алынды.

Пикир

Оставить комментарий