• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда кыргыз жараны аба каттамынын токтотулушуна байланыштуу каза болду деген маалымат туура эмес – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Новосибирск шаарындагы (Россия) аэропортто аба каттамынын токтотулушуна байланыштуу Кыргызстандын жараны каза болду деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, аталган 43 жаштагы жаран Новосибирск шаарында убактылуу жашап, медициналык мекемеде дарыланууда болгон.

"Ал оор онкологиялык оорунун натыйжасында каза болгон. 6-апрель күнү Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын көмөгү менен анын сөөгү Новосибирск шаарынын мусулмандар көрүстөнүнө коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий