Россияда кыргызстандык аялын жана анын инисин дүкөндүн ичинде өрттөп кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык эркек киши Ленинград облусундагы дүкөндүн ичинде эки адамды өрттөп кетти, - деп жазат Россиянын ЖМКры.

Кырсык 24-июнда Шлиссельбург шаарында болжол менен Москва убактысы боюнча 2:30да катталган. Дүкөндөгү өрттү өчүргөндөн кийин 1991-жылкы аялдын жансыз денеси табылган.

Андан тышкары, Кыргызстандын 1998-жылкы жараны оор абалда ооруканага жаткырылган. Анын денесинин 80%ы күйүп кеткен. Аталган кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1984-жылы туулган мурда соттолгон адам кармалган.

Учурда укук коргоо кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо.

Пикир

Оставить комментарий