• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда кыргызстандык кыздын айынан массалык мушташ чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Санкт-Петербургдун борборунда Радищев көчөсүндө 11-октябрда кечинде 10дон ашуун адамдын катышуусунда массалык мушташ болду.

Россиялык ЖМКлар жазганына караганда, кыздын айынан кавказдык балдар тажикстандыктар менен мушташкан.

Чырдын себеби кыргызстандык кыз менен тажикстандык жигиттин ортосундагы сүйүү болгон. Кыз сүйүктүүсүнөн кол үзүүгө аракет кылган, бирок жигит ага каршы болгон. Сүйүктүүсүн ишендирүү үчүн кыз дагестандык досторунан жардам сураган. Ал эми дагестандык жигит жердештеринен колдоо көрсөтүүсүн сурап кайрылган.

Мушташ учурунда Дагестандын 21 жаштагы жараны бычак менен артына жаракат алып, балдардын тобунан качып бара жатып каза болгон. Анын 18 жаштагы жердеши ооруканага оор абалда жеткирилген.

“Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Массалык мушташтын чоо-жайы такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий