• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүктөрүн каяктан жана качан алмаштырса болот? Элчиликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 13.01.22 /Кабар/. 2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн Кыргызстандын элчилигине же Россия Федерациясынын аймагындагы консулдук мекемелеринин бирине кайрылуу сунушталат:

  1. Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу;
  2. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу;
  3. Элчиликтин Владивосток шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  4. Элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  5. Элчиликтин Красноярск шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  6. Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  7. Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  8. Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү);
  9. Элчиликтин Якутск шаарындагы канцеляриясы (бөлүмү).

Ошондой эле Москва шаарындагы элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн берүү маселелери боюнча кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү гана алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт.

Кабыл алууга жазылуу үчүн msk.prava.kg@mail.ru электрондук дарегине төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен арыз жөнөтүү зарыл:

  • ФИО (аты-жөнү);
  • Туулган айы, жылы, күнү;
  • Арыз берүүчүнүн байланыш телефондору;
  • Арыз берүүчүнүн Россиядагы дареги (область/шаар);
  • Кайрылуу себеби (жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу, анын ээсинин жеке маалыматтарын өзгөртүү, бузулуу же жоготуу).

Бул маалыматты камтыбаган арыздар каралбайт. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча талап кылынган документтер жана айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн документтерди берүү убактысы жөнүндө маалымат берилет.

Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  1. айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;
  2. айдоочунун күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
  3. айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
  4. айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  1. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  2. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын мурда берилген эл аралык айдоочулук күбөлүгү алмаштырылган же жоголгон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Эки түстүү сүрөт (матовые, 3,5 х 4,5).

Пикир

Оставить комментарий