• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда кыргызстандыктардын 100 диаспорасы бар

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө 800 миң кыргыз мигранты иштеп жүрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Россияда.

“Буга байланыштуу биздин өкүлчүлүк РФнын бир катар шаарларында ачылган. Россияда 100 диаспора бар. Биз диаспоранын башчысын тандап, ага миграция кызматынын күбөлүгү берилип, биздин орган тарабынан ал адам чындыгында эле биздин миграция кызматында иштейт тургандыгы жөнүндө жергиликтүү органга кабар берилет”, - деп билдирди Токтоболотов.

Анын айтуусуна караганда, 2018-жылдын 8 айынын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын жана анын РФдагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен айлык акы төлөнбөй калды деп кайрылган кыргызстандыктарга 43 млн. 539 миң рубль төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий