• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда кыргызстандыкты мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Россиянын Мурино шаарында өзгөчө мыкаачылык менен Кыргызстандан барган мигрант өлтүрүлгөн. Полиция кызматкерлери бул кылмыштын бетин ачты.

Россиялык ММКлар кабарлагандай, кылмышка шектүү делип анын мекендеши кармалган. Адам өлтүрүүнүн себеби - алган карызын кайра кайтарбоо болуп чыккан.

Кыргызстандан барган 29 жаштагы жарандын жансыз денеси 16-май күнү Мурино шаарындагы Шувалова көчөсүндө жайгашкан №31 үйдүн алдынан табылган. Адамдын денеси жер казуу иштерин аткарып жаткан маалда табылган. Ал өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Маркумдун баш сөөгү сынып, буттары электр зымы менен байланып, оозунан сынган баш сөөгүнүн сыныгы чыгып калган.

Кечээ, 19-май күнү полиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп 35 жаштагы Ж. аттуу жаранды ошол эле шаардагы курулуш жүрүп жаткан аятчалардын бириндеги вагондон кармашкан. Белгилүү болгондой, 15-май күнү кайтарылбаган карыздын айынан эки адамдын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында 35 жаштагы Ж. маркумга күрөктүн сабы менен 15тен кем эмес жолу башына жана бетине уруп, андан кийин бутун зым менен байлап, жакын жерде казылып жаткан аңга таштап, үстүн кум менен көмүп койгон.

Кылмышкер соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий