• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда Кыргызстандын 49 жаранына 3,4 млн сом эмгек акы төлөнүп берилди – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарына (49 адам) эмгек акы төлөнүп берилди. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "НЖ строй" ЖЧКсында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген КР жарандарына (49 адам) эмгек акы төлөнбөгөн факты боюнча 2021-жылдын 5-августунда консулдук бөлүмдүн кызматкерлери жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык 49 кыргызстандыкка 3 миллион 412 миң 420 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди. “Бул иш-чара Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруунун алкагында өтүп жатат”,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсундө.

Пикир

Оставить комментарий