• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Россияда кызды куткарам деп өзү сууга чөгүп кеткен кыргызстандык жигитке сыйлык берилет

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/ Сахалинде сууга чөгүп бараткан кыздын өмүрүн сактап, өзү чөгүп каза болгон кыргызстандык жигитке “Чөгүп бараткан адамды куткаргандыгы үчүн” медалы берилет. Анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

17 жаштагы маркум Жандарбек Кубаныч уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, кырсык болгондон 3 күндөн кийин жерге берилген.

Эске салсак, 29-июлда Россиянын Сахалин облусундагы Русское көлүндө эс алуучулар кайгылуу окуяга күбө болушкан. Жаш жигит куткаруучулардын келишин күтпөй сууга чөгүп бараткан кызды куткаруу үчүн сууга кирген. Ал кыздын өмүрүн сактап калганга жетишип, бирок өзү жээкке жетпей сууга чөгүп кеткен.

Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, суучулдар көлгө кечинде барышып, чөгүп кеткен баланын денесин издөө кийинки күнгө жылдырылган. Кийинки күнү куткаруучулар кыргызстандык жигитти табышкан. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунун кулуну Жандарбек Кубаныч уулу экендиги аныкталган. Ал эми ал куткарып калган кыз – Сахалин облусунун жашоочучу.

Маркумдун денесин мекенине жиберүү үчүн Сахалиндеги кыргыз диаспорасы атайын эсеп ачышып, керектүү болгон сумманы чогултушкан.

Кыргызстандын Өкмөтү каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү көздөөдө. Ал эми Өзгөө кырдаалдар министрлиги сыйлык берет.

Пикир

Оставить комментарий