• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда мигранттарга энелик капитал берүү демилгеси көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек. 07.12.18 /Кабар/. Россияда мигранттарга энелик капитал берүү демилгеси көтөрүлдү. Тийиштүү мыйзам долбоорун Россиянын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги иштеп чыкты.

Сунушталып жаткан документке ылайык, энелик капиталды Россияга балдары менен барып бүт үй-бүлөсүнө орус жарандыгын алган мигранттарга мүмкүнчүлүк берилет.

Ошондой эле, Россиянын аймагына келип төрөгөн же орус жарандыгы бар экинчи баланы багып алган чет өлкөлүктөргө энелик капиталды берүү сунушталууда.

Бул мыйзам долбоору энелик капиталды Россиянын жаңы жарандарына берүү ишин тартипке келтирүүгө багытталган.

Документ 2018-жылдын ноябрь айында Россиянын өкмөтүнө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий