• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда миграциялык каттоонун мөөнөтү токтотулду

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына карата Россия Федерациясындагы миграциялык каттоонун мөөнөтү токтотулгандыгын билдирет.

15-июнь күнү Россиянын президенти В.Путин 2020-жылдын 18-апрелиндеги №274 “Жаңы коронавирустун андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуунун убактылуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койгон. Ал жарлык 16-июнь күнү күчүнө кирген.

Жарлыкка ылайык 2020-жылдын 15-сентябрына чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү токтотулуп турат: визалар; убактылуу жашоого уруксат (РВП); Россия Федерациясында жашап турууга уруксат (ВНЖ); колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта; качкындардын күбөлүктөрү; Россия Федерациясында качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы жөнүндөгү күбөлүк; Россия Федерациясындагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк; Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыт аралыгында жарактуулук мөөнөтү аяктасы, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.

“Бул категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандары, башка чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаранынын үстүбүздөгү жылдын 16-мартында миграциялык картасы, убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаттын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал автоматтык түрдө 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылат. Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылуунун кажети жок”, - деп билдирет.

Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандарга карата Россия Федерациясында убактылуу туруу; Россия Федерациясында убактылуу же туруктуу жашоо; миграциялык каттоого туруу, мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп келүү программасынын катышуучуларынын (убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаты бар жарандар) Россия Федерациясынын чегинен тышкары жерде жүргөн убактысынын (эгер алар Россия Федерациясынын аймагына 6-айлык мөөнөттүн ичинде кире алышпаса), Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу, депортация же реадмиссия жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын Россиядан ыктыярдуу чыгып кетүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылган.

Эгерде Кыргызстандын жарандарынын миграциялык каттоонун мөөнөтү 15-марттан 15-сентябрга чейинки аралыкта бүткөн болсо, анда ал автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн мөөнөттө Кыргызстандын жарандары башка чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле миграциялык каттоосунун мөөнөтүн узартуусунун кереги жок. Бул категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылсууунун зарылдыгы жок. Башкача айтканда, эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын миграциялык каттоосунун мөөнөтү 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында бүтсө, каттоо автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.

“Эгерде миграциялык каттоонун мөөнөтү 2020-жылдын 15-мартына чейин бүткөн болсо (б.а. үстүбүздөгү жылдын 1-мартында), Россияда жүргөнүңүздү мыйзамдаштыруу үчүн, учурдагы кырдаалга жана Россиянын чегинен тышкары чыга албагандыгына байланыштуу, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине тезинен Россия Федерациясында убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арызы менен кайрылууну сунуштайбыз. Иштөөгө уруксатынын, иштөөгө патенттеринин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксатынын мөөнөтү токтотулбай тургандыгына көңүл буруп кетебиз. Тактап айтканда, жумуш берүүчү тарап чет өлкөлүк жаран менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция бөлүмүнө билдирме берүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары жумушка кирсе, иш берүүчүлөр Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине жумушка орношуу жөнүндө тиешелүү билдирүүнү жөнөтүшү керек”, - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Буга чейин Россиянын президенти В.Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин эмгек ишмердигин эмгек же жарандык-укуктук келишимсиз жүргүзө алышчу.

В.Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 жарлыгынын 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 15-марттан 15-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт:

- алардын өлкөдө жашашына же туруусуна мүмкүн эместиги жөнүндө;

- Россия Федерациясынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;

- депортация же реадмиссия жөнүндө;

- качкын макамынан же убактылуу баш калкалоодон ажыратуу жөнүндө;

- мурда берилген визаларды, иштөөгө уруксаттарды, патенттерди, убактылуу жашоого уруксатты (РВПны), Россияда жашап турууга уруксатты, мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнүндө.

Россия президентинин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 жана 2020-жылдын 15-июнундагы № 392 жарлыктарынын жоболоруна каршы келген Кыргызстандын жарандарына карата жогорудагы чечимдер кабыл алынган учурда, элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылуу керек (дарек: 119017, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62, курулуш 2 (Погорельский көчөсүнөн кирүү керек). Тел.:+79251032911; +74992383304, +74992301117. Факс:+74992385069.

Пикир

Оставить комментарий