• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россияда мыйзам чегинде иштеген кыргыз жарандары көбөйдү – россиялык адис

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Россияда мыйзам чегинде иштеген кыргыз жарандары көбөйдү. Бул тууралуу "Свердлов облусу – Кыргызстан: Россия коомунда кыргыз жарандарынын маданий ылайыкташуусу жана жуурулушуусу" аталышындагы теле-көпүрөдө Свердлов облусундагы Коомдук палатасынын адиси, эмгек мигранттары боюнча адис Надежда Борисова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мыйзам чегинде жана каттоого турган эмгек мигранттарынын саны боюнча Тажикстандан кийинки экинчи орунда турат.

"Экинчи орунда болушунун себеби, анткени тажик жарандары каттоого көп турат жана адамдын саны да көбүрөөк. Свердлов облусунда расмий түрдө 8,5 миң кыргыз жараны бар", - деп маалымдады Борисова.

Ал белгилегендей, кесиби менен эмгектенген кыргыз жарандарынын саны өсүүдө.

"Кыргызстандан келген дарыгерлердин саны жогору. Свердлов облусундагы ооруканалардын дээрлик бардыгында кыргыз жарандары иштейт. Хирург кесибинен тарта тиш доктур, терапевт жана жөнөкөй кызматкерлерге чейин. Ошондой эле кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенгендер да көп", - дейт эмгек мигранттары боюнча адис.

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Россияда тааныла баштагандан тарта кыргыз таксисттеринин көбөйгөнүн Борисова кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий