• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Россияда Нооруз майрамына карата алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Россияда 21-мартта Нооруз майрамына карата алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Волоколамск шаарындагы "Лама" спорт комплексинде болуп, Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан болуп 69 спортчу күч сынашты.

Күрөшкө 18 жаштан жогору 60 кг, 70 кг, 80 кг, жана 80 кг салмактан жогору салмактагы балбандар катышты.

Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү:

60 кг
1-орун – Дооранбек Сапанов (Москва Алыш);
2-орун – Талас Абдижалил уулу (Москва Алыш);
3-орун – Эрнист Мийзаев (Додон КР).

70 кг
1-орун – Новруз Какалыев (Түркмөнстан);
2-орун – Эмирхан Эсенов (Түркмөнстан);
3-орун – Абдушукур Дарманов (Москва Алыш).

80 кг
1-орун – Азизхан Мусабек уулу (Кыргызстан);
2-орун – Ажибек Шарабидин уулу (Москва Алыш);
3-орун – Муктарбек Мунарбеков (Москва Алыш).

+80 кг
1-орун – Расулчон Бердимуротов (Тажикстан);
2-орун – Нурланбек Расулов (Москва Алыш);
3-орун – Маратбек Бегимкулов (Москва Алыш).

Пикир

Оставить комментарий