• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда Новосибирск жана Ош шаарларынын кызматташтыгы таалкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрда Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть жана депутаттар кеңешинин төрагасы Дмитрий Асанцев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош жана Новосибирск шаарларынын ортосундагы бир туугандык байланыштарды активдештирүү планынын алкагында шаар жана шаардык парламент башчыларынын деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу кызматташтык боюнча шаарлар аралык комиссиянын ишин жандандыруу жана “Новосибирск-Ош” достук депутаттык топторду түзүү макулдашылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Новосибирск ортосундагы аймак аралык кызматташууну айыл-чарбалык илим, соода-сатык, бизнес, транспорт, туризм, медицина, билим берүү жана илим тармактарын талкуулашты.

Ошондой эле Новосибирск бийлиги Бишкек менен бир туугандык мамиле түзүүгө жана эмгектенген кыргыз жарандарынын шарттарын жакшыртууга даяр экендигин тастыктады.

Ошону менен бирге, тараптар алдыдагы Кыргызстан-Россия кайчылаш жылынын алкагында Кыргыз маданий борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү жана Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу менен анын ысымын Новосибирск көчөлөрүнүн же сейил бактарынын бирине ыйгарууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий