• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын январынан тарта Россиянын жогорку окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуган кыргыз жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн студенттер Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө убактылуу жашоого уруксатын алуу үчүн кайрылышы зарыл.

“Студенттерге мындай мүмкүнчүлүк Россиянын миграциялык мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 8,5 миңден ашуун кыргыз жараны билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий