• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда ондогон тажик мигранты ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Россияда терезе, эшик чыгарган фабрикада иштеген ондогон тажик жараны ууланып, ооруканага түштү. Сentralasian кызматы кабарлагандай, окуя 22-июнда Москванын четиндеги Одинцово шаарчасында болгон.

Жабыркаган 50дөй эмгек мигрантын ооруканага «Тез жардам» менен алып кетишкен. Алардын экөө азыр реанимацияда, абалы оор.

Тажикстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмаддын айтымында, азыр 12 адам ооруканада, калгандары үйдөн дарыланып жатышат.

Баштапкы маалыматка караганда, мигранттар фабриканын ашканасында даярдалган тамакка ууланышкан.

Ал эми ишкана ээлери алар коон жегенден кийин өзүн жаман сезе баштаганын айтканы тууралуу маалымат тарады.

Бирок мигранттар коон сатып алууга акчасы жок экенин айтышты.

Фабрикада 200дөй тажик жараны эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий