• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Россияда сүрөткө түшүп жаткан турист аскадан кулап кеткен

Дүйнө 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Россиянын Партизанск районундагы Дарданелла капчыгайынын жанынан 41 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу аймактык тергөө башкармалыгынан кабарлашты, деп жазат РИА Новости.

Маалыматка ылайык, турист 20 метр бийиктикте жайгашкан атайын аянтчага көтөрүлүп, сүрөткө түшүп жаткан кезде буту тайып кетип, аскадан кулап кеткен.

Бийиктиктен кулаган аял тез жардам кызматы келгенге чейин жеринде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий