• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда «Шайыр апалар» чыгармачыл сынагы өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Россияда «Шайыр апалар» чыгармачыл сынагы өтүп, маданий иш-чарага Кыргызстандын РФдагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын кыргыз маданий борборунун жетекчиси Гүлшайыр Мырзабекованын демилгеси менен кыргыздын салттуу музыкасын башка диаспоралык уюмдардын арасында өнүктүрүү жана жайылтуу максатында уюштурулган.

Сынактын катышуучулары кыргыз элинин каада-салттарын, элдик ырларды жана бийлерди, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда номерлерди тартуулашты.

Белгилей кетсек, «Шайыр апалар» сынагына Кыргызстандын бардык аймактарынан келген чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү 2019-жылдан бери катышып келишет.

"Элчилик РФдагы кыргыздардын маданий-гуманитардык мурасын жайылтуу жана Россиядагы мекендештердин башын бириктирүү максатында диаспоралык уюмдар тарабынан маданий иш-чаралардын өткөрүлүшүн жактайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий