• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда Сирияга дээрлик 700 миң рубль жөнөткөн кыргызстандык кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Россиянын полициясы Сирияда жүргөн адамдын эсебине 690 миң рубль жиберген кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал каражаттар Россиянын аймагында тыюу салынган ИМ (“Ислам мамлекети”) террордук уюмунун согушкерлерине жөнөтүлгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Полиция аныктагандай, 49-жаштагы кыргызстандык Песье айылында убактылуу каттоодо турат жана эч жерде иштебейт.

“9-сентябрдан 11-сентябрь аралыгында кармалган адам Сбербанк картасы аркылуу Сириядагы ушул насыя уюмунун кардарына 690 миң рубль которгон. Муну менен ал эл аралык террордук уюмга колдоо көрсөтөйүн деген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий