• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине которуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Курамына башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов, Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү кирген Кыргызстандын делегациясы Москва шаарында иш сапары менен болду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш сапарынын алкагында делегация Россиянын юстиция министринин орун басары – статс-катчы Андрей Логинов, башкы прокурордун орун басары Петр Городов, ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басары Владимир Давыдов менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Россияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташууну талкуулап, Россияда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана түзөтүү мекемелеринде жазаларын өтөп жаткан кыргыз жарандарын өз өлкөсүнө жакынкы арада которуу маселесин карашты.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара кызматташууну бекемдөө жана эки өлкө катышуучу болуп келген “Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү” 1998-жылдын 6-мартында кол коюлган Конвенциянын алкагында үстүбүздөгү жылы кыргызстандыктарды өз мекенине которуу боюнча иш-чараларды тездетүүнү макулдашты.

Бул багытта алгылыктуу жыйынтыктар күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий