• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияда “Танк биатлону - 2021” таймашын жеңген Кыргызстандын командасы сыйланды

Коом 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. Кечээ, 3-сентябрда Россиянын Москва облусундагы “Патриот” эс алуу жайында “Танк биатлону - 2021” таймашынын экинчи дивизионунун жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээлери сыйланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биатлондун экинчи дивизионунда үчүнчү орунду Мьянма, экинчи орунду Тажикстан жана биринчи орунду Кыргызстандын курамасы алды. Кыргыз аскерлери биринчи орунга чыккандыгы үчүн кийинки жылы биатлондун биринчи дивизионунда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону - 2021” таймашынын экинчи дивизионунун жеңүүчүсү болгон.

Таймаштын финалында эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келген.

Пикир

Оставить комментарий