• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда өткөн ат оюндарында кыргызстандыктар үч медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 2-август /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ат үстүндөгү спорттун түрү боюнча Россияда өткөн турнирде кыргызстандыктар үч медаль утушту. Аталган турнир Екатеринбургда 27-30-июлда өткөн.

Камиль Сабитов жакшы көрсөткүч көрсөтүп, алтын медаль тагынды. Андрей Тряпицин жана Ринат Галимов коло медалдын ээлери болушту.

Таймашка Россия, Германия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Польша, Украина жана башка өлкөнүн спортчулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий