• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда өткөн суткада коронавирус 8702 адамдан аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Россияда өткөн суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясы 8702 адамдан аныкталды. Бул тууралуу ыкчам штабдын маалыматына таянып, РИА Новости агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ коронавирус Россиянын 84 аймагында катталган. Москвада 2090 адамдан, Санкт-Петербургда 694 адамдан жана Москва облусунда 574 адамдан табылган.

Белгилей кетсек, Россияда оору катталгандан тарта 4 млн 641 миң 390 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 4 млн 265 миң 509 адам айыкса, 102 миң 986 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий