• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда токмок жеген мигрант аял депортацияланышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.03.19 /Кабар/. Москва облусунун Щелково шаарындагы супермаркетте токмок жеген Тажикстан жараны Хафизахон Бутаева Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Жергиликтүү полиция бөлүмүнөн “Сен мигрантсың, арызданууга укугуң жок” деп айтышкан.

Былтыр жайында 39 жаштагы Хафизахон Бутаева жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен йогуртту “Магнит” супермаркетине кайтарып берген. Нааразы сатып алуучу эсте калган. 3-март күнү супермаркеттин сатуучусу Хафизахон Бутаеваны уурулукка айыптап, сабап, баш сөөгүн сындырган, аз жерден көзү көрбөй кала жаздаган.

Милиция кызматкерлери анын мигрант экенин айтып, “сатуучуга каршы арыз жазба” деген көрсөтмө беришкен.

Тажикстандык мигрант райондук прокуратурага арызданган. Ал жерден соттук-медициналык бюрого кайрылуу сунушун беришкен. 5-мартта ал ооруканага барган, ал жерден милиция кызматкерлери кармап, сотко алып жөнөшкөн. Сот аны РФ депортациялоо чечимин чыгарган.

Ал төрт жылдан бери Россияда жашап жатканын, документтеринин баары жайында экенин айткан, бирок эч ким кулак төшөгөн эмес.

Хафизахон Бутаева соттун чечимине каршы доо арыз жазып, Тажикстан элчилигине кайрылган. Ал эки баланын энеси, Щелково шаарында кондитердик цехте эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий