• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядагы кыргыз мигранттары "кара тизмеден" чыгууга мүмкүнчүлүк алышты

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. “Миграциялык мунапыска” туш келген кыргыз мигранттарынын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, кыргыз-орус макулдашууларды ишке киргизүүнүн алкагында россиялык тарап Кыргызстандын жарандары үчүн “миграциялык мунапыс” өткөрүү чечимин кабыл алган.

“29-марттан 22-апрелге чейин РФнын аймагында ал жакта миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн КРнын жарандары үчүн административдик жоопкерчиликке тартуусуз, “кара тизмеге” кирбестен жана Россиядан чыгуусуз өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал үчүн ИИМдин миграция маселелери менен иш алып барган башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмдөрүнө өздүк документтери (ID-паспорт же чет элдик паспорт) менен баруу керек. Ал жактан жаңы миграциялык карта берилет. Андан кийин 30 күндүн ичинде РФнын мыйзамы менен орнотулган тартипте миграциялык каттого туруу керек”, - деди Токтоболотов.

Ал Россиянын аймагында мыйзам бузуу менен жүргөн кыргыз жарандары өздөрүн КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтында www.ssm.gov.kg “миграциялык мунапыс-2019” деген бөлүмдөн тизмеге кирген жарандардын арасынан бул шилтеме боюнча кирип текшерүүсү керек, деп баса белгиледи.

“Ошентип, миграциялык мунапыстын алкагында “кара тизмедеги” 65 миң КР жаранынын 1 миңи кайрадан РФнын аймагына кире алат. “Кара тизмедеги” калган жарандар кире алышпайт, анткени, алар Россиядан оор укуктук мыйзам бузуулар боюнча чыгарылган. КР Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтынан РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар өздөрү тууралуу маалыматты текшере алышат”, - деп билдирди Маммиграция кызматынын төрагасынын орун басары.

Анын айтуусунда, аталган категориядагы жарандарга 2019-жылдын 1-майынан тарта Россиянын аймагына кирүү сунушталат.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-кеңеш берүү борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев баса белгилегендей, Мамлекеттик миграция кызматы Россиянын аймагында мыйзам бузуулар менен жүргөн бардык Кыргызстандын жарандарын “миграциялык мунапыс” менен колдонуп калууга чакырат.

“Аталган маалымат менен тууган, тааныш жана досторуңардын арасында максималдуу көп бөлүшкүлө. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге байланышкыла: Бишкек шаарындагы маалыматтык-кеңеш берүү борбору - +996 (312) 64 17 64; +996 (312) 65 02 57; Ош шаарындагы маалыматтык-кеңеш берүү борбору - (3222) 2 50 87”, - деп билдирди Алыбаев.

Пикир

Оставить комментарий