• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда жарандардын көбү Конституцияны өзгөртүүнү колдоду

Дүйнө 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Россияда Конституцияны өзгөртүүнү жарандардын 77,92%ы колдоп, 21,27%ы каршы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 100% саналып бүткөндөн кийин билдирди.

Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондордун эң жогорку көрсөткүчү Чеченстанда (97,92%), Тувада (96,79%) жана Крымда (90,07%) катталды. Каршы добуш бергендердин эң жогорку көрсөткүчү Ненец автономдук округунда — анда жашоочулардын жарымынан көбү (55,25%) өзгөртүүлөргө каршы болушкан.

Өлкө боюнча добуш берүүгө жарандардын 65%ы катышты. Эң жогорку көрсөткүч Чеченстанда (95,1%), Тувада (92,8%) жана Башкирияда (90,8%) катталды.

Пикир

Оставить комментарий