• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдөгү «Алтын балалыкта» эс алышат

Коом 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Россиянын Урал федералдык округунда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда эс алышат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдардын эс алуучу он күнгө созулат, тактап айтканда, 1-августтан 10-августка чейин.

«Балдардын эс алуучу Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен Екатеринбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугу тарабынан Уралдагы диаспоралык уюмдарынын жардамы менен уюштурулду. «Алтын балалык» эс алуу борборуна окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий иш-чараларда өзгөчө айырмаланган 100 мекендештин балдары барат», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий