• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда Жеңиш парады белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус жайылып жаткандыктан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадды жылдырууну сунуштады.

Путин бул тууралуу 16-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Мунун алдында ардагерлердин бир катар уюмдары президентке кайрылып, майрамды жылдырууну суранышкан.

Быйыл орус бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдык мааракесин ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан.

Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400гө чукул техника чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын жана Чехиянын лидерлери парад көргөнгө келе турганын айтып, убада беришкен.

Москва буга чейин парад башка убакка жылдырылбай турганын айтып келген. Өлкөнүн Коргоо министрлиги аны көрүүчүлөрү жок өткөрүүнү караштырып жаткан.

Айрым бир маалыматтарга караганда, парад 24-июнга жылышы мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Россияда коронавирус жуктургандардын саны 27 938ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий