• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда жол кырсыгында 4 кыргызстандык каза тапты (видео, фото)

Кырсык 0


Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Россиянын Оренбург-Акбулак жолунда болгон жол кырсыгында каза тапкан 4 адам жана жабыркаган 3 киши Кыргызстандын жарандары болгон. Дагы бир жабыркаган адам – Өзбекстандын жараны.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү Оренбург облусундагы жолдо эки унаа кагышып, өрттөнүп кеткен: алар "Mercedes" чакан жүк ташуучу унаасы жана "Toyota" үлгүсүндөгү минивэн болгон.

Жол кырсыгына кабылгандардын баары чет элдик жарандар болгон. "Mercedes" унаасын Өзбекстандын жараны айдап бара жаткан. Ал, жол кырсыгында жаракат алып, Соль-Илецк шаарынын ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми "Toyota" унаасында айдоочу жана анда бара жаткандар кыргызстандыктар болгон. Алардын үчөө Соль-Илецк шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатса, айдоочу жана 3 киши каза тапкан.

Учурда прокуратура Оренбург-Акбулак жолундагы жол кырсыгы боюнча текшерүүнү баштаган.

Пикир

Оставить комментарий