• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядагы жол кырсыкта кыргызстандык жаран жабыркады

Коом 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. Россиянын Самара облусундагы жол кырсыкта кыргызстандык жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Кырсыктан төрт киши жабыркаган, алардын бирөө кыргызстандык. Ал ооруканга жаткырылган.

Ал эми кырсыктан каза болгондордун ичинде кыргыз жараны жок.

Life.ru порталынын маалыматы боюнча, 1-мартта саат 09:24 чамасында Самара облусунда Hyundai жана Lada үлгүсүндөгү автоунаалар кагышканын.

Кырсыктан үч адам каза болуп, төрт киши жабыркаганы кабарланган.

Lada унаасындагы жети адам - Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары болгон.

Пикир

Оставить комментарий