• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат Жириновский менен жолугушту. Талкууланган маселелер

Саясат 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 10-августунда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жанында Владимир Жириновский башында турган ЛДПР партиясынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган митингдин жүрүшүндө КРнын РФдагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырды.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу Кыргызстанда болгон кырдаалга көңүл бурушту.

Элчи мындай көрүнүштөр жана чагымчылдык кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи.

"Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту, демек, мындай окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Мындан тышкары, элчи белгилегендей, Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп саналат, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу тили жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кылат.

Муну менен бирге Гүлнара-Клара Самат Кыргызстан ар дайым Россия менен эки тараптуу мамилелерди бардык багытта өнүктүрүүнү жактай турганын белгиледи. Теманы улантып, элчи ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-россия бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын депутаты алдыдагы бизнес-форумга катышууга кызыкдар экенин билдирди жана жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргызстандын туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барып келүү сунушун киргизди.

Ошондой эле В. Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Ч. Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады.

Мамлекеттик Думанын депутаты өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кыргызстанда россиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы учурдагы эки тараптуу мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий