• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядагы элчи Кыргызстандан келген дизайнерлердин мода көргөзмөсүнө катышты

Маданият 0

Бишкек 11.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргызстанга арналган «Тюбетейка» IV Эл аралык чыгыш базары маданий фестивалынын алкагында Кыргызстандан келген дизайнерлердин мода көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, кыргызстандык дизайнерлердин эмгектери москвалыктардын жана россиянын борборунун меймандарынын кызыгуусун жаратты.

Көргөзмөдө ар улуттун каада-салты, ошондой эле улуттук тамак-аш жана үрп-адаттарын сактоо менен, көркөм кол өнөрчүлүккө чоң көңүл бурулган.

Белгилей кетсек, аталган мода көргөзмө фестиваль катары 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий