• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядагы элчилик: Жакынкы аралыкта кыргызстандыктар үчүн “жашыл коридор” уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Жакынкы аралыкта кыргызстандыктар үчүн “жашыл коридор” уюштурулат, - деп кабарлайт КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Элчилик Россиянын-Казакстандын чек арасындагы Оренбург облусунда жана Башкортостан Республикасында Оренбург облусу менен чектешкен жерлерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын топтолушуна байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Казакстан Республикасынын чек арасы жабык. Элчилик жарандарды орус-казак чек арасына баруудан алыс болууга чакырат.

Ошол эле учурда, Россиянын-Казакстандын чек арасындагы Кыргызстандын жарандарына жардам берүү максатында, Кыргызстандын өкмөтү казак тарап менен биргеликте Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жарандардын кетишин уюштуруу иштерин улантууда. Казакстан тарапка автобустар менен уюштурулган транзит үчүн Казакстандын аймагы аркылуу катардагы транзиттик коридорду берүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча Казакстан тараптан жооп күтүлүүдө.

Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу жеринде тизме түзүп, бардык уюштуруу маселелерин чечип жатат. Учурда маалыматка ылайык, чек ара аймагында 3 200дөн ашуун кыргыз жараны бар. Жакынкы аралыкта Кыргызстандын жарандары үчүн “жашыл коридор” уюштуруу пландалууда.

Ошондой эле Оренбург облусунун жана Башкортостан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына шарт түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Россия тарап акысыз түрдө Кыргызстандын жарандарын жатаканаларга, балдар лагерлеринин аймактарына жайгаштырды жана чатыр лагерин түздү. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга жайгаштырылды. Жарандарга үч маал бекер тамак берилет. Кыргызстандын жарандарын жөнөтүү үчүн автобустарды камсыздоо маселеси жеке транспорттук компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Элчилик Казакстандын чек арасы жабык экендигин, буга байланыштуу чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Казакстан Республикасынын аймагына кирүүгө чектөөлөр бар экендигин дагы бир жолу маалымдайт. Элчилик Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын дагы бир жолу орус-казак чек арасына кетүүдөн алыс болууга үндөйт жана шашылыш түрдө мекенине кайтуу талап болгон учурда, Кыргызстанга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелбеген аба каттамдарын пайдаланууну сунуштайт.

Маалымат үчүн: Чек ара жабылгандан бери элчилик 40 миң 968 кыргызстандык жарандар Россиядан 203 чартердик рейстер жана 139 автобус менен мекенине кайтып келүүгө жардам берди. Ошол эле учурда, Оренбург, Самара облустарынан жана Башкортостандан Кыргыз Республикасынын жарандарын жөнөтүү 6 жолу уюштурулган - үстүбүздөгү жылдын 5-майында 519 адам, 20-майында. (учак менен) - 167 адам, 22-майында - 417 адам, 5-июнда - 1 496 адам, 5-августта - 2 504 адам, 26-августта - 3 255 адам мекенине кайткан.

Чек ара жабык болгон мезгилде элчилик Казакстандын аймагы аркылуу 8 358 жаранга 1 рейс жана 139 автобус менен мекенине кайтууга көмөктөштү.

Пикир

Оставить комментарий