• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Россиядагы элчиликте «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасы уланууда

Маданият 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында КРнын РФдагы элчилигинде «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасы уланууда. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын 24-июлунда элчиликте Кыргызстандын жети дубанынын таланттуу өкүлдөрүнөн турган «Кыргыз Этномаданияты - Кыргыз Өнөрү» чыгармачыл тобу менен биргеликте маданий иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланды, анда кыргыз элинин улуттук аспаптарынын коштоосунда ырлар жана музыкалык чыгармалар аткарылып, улуттук бийлер көрсөтүлдү. Ошондой эле таанып-билүү жана спорттук оюндар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык жигердүү катышкан кичинекей бөбөктөргө улуу кыргыз жазуучусу А.Осмоновдун «Навеки Иссык-Куль полюбила Нева» аттуу чыгармалар жыйнагы белекке берилди.

Пикир

Оставить комментарий