• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядагы элчиликтин кызматкерлери тергөөдөгү КР жарандарынын туугандары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери тергөөдө турган КР жарандарына укуктук жардам көрсөтүү максатында (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 228.4 беренеси менен - баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү) жакын туугандары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчилиги тарабынан жазык ишин кароо тартиби, айыпталуучулардын укуктары, кылмыш мыйзамында далилдер, жазаларды дайындоо жана өтөө боюнча, ошондой эле кеңири юридикалык кеңештер берилди.

Ошону менен бирге айыпталуучулардын КРда жүргөн жакындарына туруктуу негизде юридикалык консультация берилип жатат.

Москвадагы элчилик КР жарандарын Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоого чакырат жана баңги каражаттарын мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу жана сатуу Россия Федерациясынын жазык мыйзамдарына ылайык 2 жылдан тартып өмүр бою эркинен ажыратууга жазаланарын эске салат.

"Россия Федерациясында курьер болуп же жүк ташуу кызматын көрсөтүүнү каалаган жарандарга терс кесепеттерди болтурбоо үчүн расмий түрдө жумуш табуу зарылдыгы эскертилет жана белгисиз товарларды ташуу боюнча шектүү сунуштардан баш тартууну сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий