• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиядагы көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлмөй болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Россиядагы көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик миграция кызматынын (ММК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ММКнын төрагасынын орун басары С. Токтоболотов «ФМ Сидорово» логистикалык ишканасынын кызматкерлер менен иштөө жана байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Шиповалова менен жолугушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында баардык жабыр тарткандарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди жана аларга бир айлык эмгек маяналарын төлөп берүү ниетин билдиришти.

«Ошол эле учурда, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкери жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат алуу жана тийиштүү документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтүү максатында Ступинский борбордук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери менен сүйлөштү. Аталган ооруканага тез жардам аркылуу 30га жакын адам жеткирилген, алардын ичинен экөөнүн абалы оор, баш сөөгүнүн негизи сынган. Алар аба жолу менен Раменское жана Солнечногорск шаарларына чыгарылат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, Кыргызстандын 49 жараны жаракат алды.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган логистикалык ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын биринде да медициналык жана башка камсыздандыруусу болгон эмес.

Аталган маселе Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий