• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Россиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү Красноярск аймагына консулдук кызмат уюштурду

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-19-сентябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси Красноярск аймагынын Норильск, Талнах жана Дудинка шаарларында жашаган КР жарандары үчүн кезектеги чыгыш консулдук кызматын уюштурду.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө консулдук-укуктук мүнөздөгү ар кандай маселелер боюнча КРнын 80ге жакын жараны кайрылган, анын ичинде жарандардан Кыргыстандын паспортун алуу үчүн 32 кайрылуу, ар кандай күбөлүктөрдү сурап алуу боюнча 19 арыз (соттуулугу жок, үй-бүлөлүк укукка жөндөмдүүлүгү), ПИНге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 3 арыз кабыл алынган.

Ошондой эле, Норильск шаарынын башчысынын маалымат саясаты жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча орун басары Владимир Баринов менен жолугушуу өткөрүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө россия тарап кыргыз диаспорасынын Норильскинин жашоосундагы ролун жана активдүүлүгүн оң баалады.

Пикир

Оставить комментарий