• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядагы кыргыз мигранттары коронавирус жуктуруп алса, ошол жакта дарыланат - Акматова

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Россиядагы кыргыз мигранттары коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, алар ошол өлкөдөгү ооруканаларга жаткырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Айнура Акматова “азыркы убакта Россияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын ичинен коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар катталса, алар кайсыл жакта дарыланат" деген суроого жооп берип жатып, алар ошол өлкөнүн ооруканаларына жаткырылаарын билдирди.

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда өлкөдө коронавирус жуктуруп алган жаңы 14 учур катталган. Буга чейин Кыргызстанда 44 учур катталганы айтылып келген. Бардыгы болуп 58 учур катталды.

Алар:

-Жалал-Абад облусунда – 26,
-Ош облусунда – 27,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1.

Пикир

Оставить комментарий