• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Октябрда Россиядагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Элчиликтин демилгеси жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен 2021-жылдын 4-октябрынан 16-октябрына чейин Москва шаарында консулдук бөлүмүндө Россия Федерациясындагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу өнөктүгү жүргүзүлөт. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен консулдук бөлүмдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн атайын консулдук кызматкерлердин тобу Москвага келет.

Көрсөтүлгөн даталарда Кыргыз Республикасынын паспортун алуу / алмаштыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу жуманын жети күнү, күн сайын саат 09.00дөн 21.00гө чейин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.

Бул үчүн msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине бир билдирүү жөнөтүү керек:

- адамдын же адамдардын маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты);

-туулган күнү (күнү, айы, жылы);

- байланыш телефону (80000000000);

-жайгашкан жери (шаар);

-кайрылуунун себеби (паспортту биринчи жолу каттатуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, бузулуу, жоготуу ж.б.)

Жооп билдирүүсү арыз берилген күндөн тартып 1-3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат, анда күн, убакыт жана керектүү документтердин тизмеси көрсөтүлөт.

Керектүү документтердин тизмесин Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн расмий баракчасынан "kg.consul.ru", социалдык тармактарынан (Facebook, Instagram) же WhatsApp мессенджеринде (+ 7-925-115 -50-47) консулдук бөлүмдүн "өзүн-өзү тейлөө менюсу" аркылуу табууга болот..

Элчилик алдын ала жазылууну, ошондой эле паспорт алуу / алмаштыруу үчүн керектүү документтерди даярдоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий