• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядагы кыргыз жарандарына юридикалык консультация берүү үчүн колл-борбор ачуу каралууда

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Кечээ, 2-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Алмаз Букалаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Москвадагы бюросунун директору Абдусаттор Эсоев менен жолукту. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө миграция жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык консультация берүү максатында колл-борбор ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчилик менен ЭМУнун Бюросунун өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды, ошондой эле «Борбордук Азия - Россия Федерациясынын коридорунда коопсуз жана квалификациялуу миграцияга көмөктөшүү» аттуу долбоордун Концепциясын иштеп чыгууда элчиликтин катышуусу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий