• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядагы кыргызстандыктар Элдик курултайга катышуучу делегаттарды шайлашты

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Россиядагы кыргызстандыктар Элдик курултайга катышуучу делегаттарды тандашты. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-ноябрда элчиликте рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгына негизделген Россиянын аймагында КР жарандары тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдардын делегаттыкка талапкерлеринин жалпы чогулушу болуп өттү.

"Жалпы жыйындын жыйынтыгы менен катышуучулар делегаттарды шайлашты жана Элдик Курултайга катышуу үчүн резервдик курамды бекитти", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 25-ноябрда Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтөт.

Пикир

Оставить комментарий