• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Россиядагы Кыргызстандын маданият күндөрү аншлаг менен өттү

Маданият 0


Москва, 21-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Москвада Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Анын расмий ачылышы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапарына дал келген.

Салтанаттуу концерттик программа Кремлдин чоң залында өтүп, Россиянын аймагындагы миңдеген кыргыз жарандарын чогултту.

Чоң залга 6 миң адам батат. Уюштуруучулардын айтымында, билеттер бир күндө эле сатылып кеткен. Концертке келгендер “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул иш чара боюнча аларды диаспоралардын, элчиликтин өкүлдөрү кабардар кылышкан.

Концерттик программанын координатору Дарика Асылбашева бардык көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай турган уникалдуу программа түзүшкөндүгүн журналисттерге айтып берди.

“Концертте Кыргыз искусствосунун белгилүү таланттары катышып жатат. Ал бир нече жанрды камтыйт: фольклор, опера жана эстрада. Кыргызстандан 200дөн ашык адам келди”, - деди Асылбашева.

“Концертте Самара Токтакунова, Саламат Садыкова, филармониянын жана опера балет театрынын ырчылары чыгармаларын тартуулайт. Мисалы белгилүү ырчы Жеңиш Исманов иш чарага катышуу үчүн Москвага түз эле Миландан учуп келген. Эстрада ырчыларынан –Кайрат Примбердиев, Аксай Муканбек уулу, Заира Раимкулова, Айзирек Момуновалар катышат. Мындан тышкары чыгармалар 75 кишиден турган симфоникалык оркестрдин коштоосунда аткарылып жатат”, - деп билдирди ал.

Асылбашева маданият күндөрү концерттик программадан тышкары, көргөзмө жана кыргыз кинолорун тартуулоо менен коштолоорун белгилеп өттү.

Ачылыш аземинде Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков сөз сүйлөп, Кыргызстандын маданият күндөрүнө келгендерди куттуктады.

“Туура 25 жыл мурун Кыргызстан Россия дипломатиялык кызматташтыкты баштаган. Бирок, биздин жалпы тарыхый-маданий мамилелерибиз жүздөгөн жылдардан бери уланып келет. Бүгүнкү иш чара биринчиден эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө багытталган. 2016-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тарыхый, маданий мурастын баалуулугун көрсөтө алды”, -деди министр.

Ал эми, Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдко өз кезегинде Кыргызстан эмнеге ага жакын экенин айтып берди.

“Кыргызстан менин мекеним, мен Кант шаарында төрөлгөм. “Өмүрүң өтүп кетсе, киндик каның тамган жерге кайтып келесиң” деген сөз бар. Албетте мен азыр өлгүм келбейт, бирок ал күн келсе мен Кыргызстанга барам. Менин мекеним мага Россиядай эле өтө маанилүү. Бул мамлекет залда отургандардын башын бириктирип, аларга, менин мекендештериме көп нерсени берет”,-деди.

Анын айтымында, Кыргызстан улуу өлкө, себеби ал Манастын Ысык-Көлдүн, Тянь-Шандын жана Чынгыз Айтматовдун мекени. Бул улуу руханий байлыктын мамлекети, ал эми улуу Россия Кыргызстандын активдүү өнүгүшүнө көп салым кошту.

“Мен Кыргыз жери согуш жылдары Россиядан келген миңдеген кишилерге үй жай, нан бергенин жакшы билем. Бул өз кезегинде музыка маданиятынын өнүгүшүнө таасирин тийгизди. Себеби Бишкектеги консерватория Ленинграддык жана Москвалык консерватория менен байланышкан. Менин досум, улуу бийчи Чолпонбай Тулебердиев Ленинграддык балет театрын аяктаган. Бул мен жогоруда айткан сөзгө мисал боло алат. Бир нече саат мурун биздин президенттердин сүйлөшүүлөрү соңуна чыкты. Биз келечекке бирге кадам таштаган жакын мамлекеттерден экенибизди көрсөтө алдык. Биздин улуу тарыхыбыз жана улуу келечегибиз бар”,- деди Швыдко.

Кыргызстандын Россиядагы маданий күндөрү 15 күнгө созулат. Мындан тышкары Казань менен Уфа шаарында дагы Кыргызстандын маданий күндөр белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий