• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Россиядагы мекендештерге Мар Байжиевдин “Адашкан адам” драмасы тартууланат

Маданият 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Россиянын бир катар жеринде эмгектенген кыргызстандык мекендештерге КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Адашкан адам” драмасы тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Жалал-Абад облусундагы Барпы атындагы кыргыз драма театры июнь айынын экинчи декадасынан тарта кыргызстандыктар көп жашаган Россиянын шаарларын атайын маданий программа менен кыдыруусун баштайт.

"Маданият өкүлдөрү Россияда эмгектенген мекендештерибизге арнап, КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Адашкан адам” аттуу психологиялык драмасын тартуулашат", - деп билдирет министрлик.

Россиянын шаарларын кыдыруу графиги төмөнкүчө:

- 12-июнда Новосибирск шаарындагы Чкалов маданият үйү;

- 13-июнда Новокузнецк шаарындагы чыгармачыл үйлөрдүн бирикмеси;

- 14-июнда Томск шаарындагы “Авангард” маданият үйү;

- 16-июнда Красноярск шаарындагы СБК маданият үйү;

- 19-июнда Иркутск шаарындагы “Орбита” маданият үйү;

- 22-июнда Хакасия Республикасынын Абакан шаарындагы республикалык маданият үйү;

- 23-июнда Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы Тыва элдик театры;

- 26-июнда Горно-Алтайск шаарындагы “Голубой Алтай” театры;

- 29-июнда Екатеринбург шаарындагы Лаврова маданият үйү;

- 30-июнда Тюмень шаарындагы “Торфяник” маданият үйү;

- 1-июлда Пермь шаарында болот.

Бардык шаарларда спектакль саат 19.00дө башталат. Спектаклден соң чоң программадагы концерт да тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий