• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядагы мигранттар жылына бир ирет гана медициналык кароодон өтүшөт – элчилик

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик жарандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизгендигин билдирет.

Элчиликтин маалыматына караганда, 2022-жылдын 21-февралындагы №94н буйругуна ылайык, Медициналык текшерүү жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

"Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, маалымкаттын жана медициналык корутундулардын мөөнөтү 12 айга чейин узартылды. Ага ылайык, чет элдик жарандар жылына бир жолу медициналык кароодон өтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, эми чет элдик жарандарды текшерүүдө алардын мурунку медициналык кароодон өткөндүгү же медициналык документтер менен тастыкталган профилактикалык текшерүүлөрү тууралуу маалыматтары эске алынат.

Чет элдик жарандар үчүн 6 жаштан баштап баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын бар-жогуна химиялык-токсикологиялык изилдөө жүргүзүү зарылчылыгы боюнча талап 13 жашка чейин өзгөртүлдү. Демек, 13 жашка чыга элек чет өлкөлүк балдар баңги жана психотроптук заттардын бар-жогуна текшерүүдөн өтпөйт.

Ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы медициналык текшерүүнүн алкагында диагностиканы талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды.

Медициналык текшерүү жүргүзүүнүн, анын ичинде химиялык жана токсикологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибине киргизилген бул өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Элчилик КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2022-жылдын 20-22-февралында Россияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын медициналык кароодон өтүүсүндө жаралган көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөндүгүн белгилейт.

Ошол эле учурда элчилик бул маселе боюнча РФ Тышкы иштер министрлигине ноталарды жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына каттарды жөнөткөн, ошондой эле РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий